Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сапар.

April 14, 2023

12 апрель 2023 жыл. ЖКнын атайы адиси Университеттен барган ɵкүлдɵрдү жылуу тозуп алып, имараттагы ар бир фракцияга берилген кеңселер, китепкана жана отурумдар ɵткɵн чоң жыйындар залы менен тааныштырып чыкты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин илимий-изилдөө борборунун директору Бакыт Такенов барган меймандар менен маек куруп, учурда аткарылып жаткан иштер, максаттары жɵнүндɵ айтып, АЭУ менен кызматташтык мамиле түзүүгɵ жана университеттин жогорку курстарынын студенттерин практика ɵткɵнгɵ жана стажирокага кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Келген конокторго «Жогорку Кеңештин депутатынын эстеткичи», «Жогорку Кеңештин сессия мезгилиндеги иши жɵнүндɵ отчет» ж.б. бир нече китептерди белек кылды.