Элим, барсынбы?

April 14, 2023

15 февраль 2023 жылы. АЭУнун кафедра башчыларынан турган топ «Элим Барсынбы» фондуна иш-сапар менен барышып, фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков менен жолугуп, фонддун аткарган кайрымдуулук иштери менен таанышты. Психология бɵлүмүнүн жогорку курстарын студенттери практика иретинде коомдун аярлуу катмарынын фондго кайрылган ɵкүлдɵрүнɵ психологиялык кеп-кеңеш берүүлɵрү тууралуу макулдашылды. Ал эми филология бɵлүмүнүн жогорку курстарынын студенттери ыктыярчы иретинде фондго кайрылган аз камсыз үй-бүлɵлɵрдүн балдарына англис тилин бекер үйрɵтɵ тургандыгы сүйлɵшүлдү.